Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унвирситетинин Майлуу-Суу колледжинде Осунбеков Салдымурат Сайтмаматович-техникалык жана экономикалык жогорку билими бар. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун аспиранты. Эмгек жолун 2003-жылы «Майлуу-Суу электролампа заводунда» ААКунда инженер-конструктор болуп баштаган. 2009-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинде «Энергетика транспорт жана байланыш» кафедрасынын башчысы. 2011-жылдан бери азыркы кунго чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жатат. Иштеген иштеринде жетишкендиктери үчүн Майлуу-Суу электролампа заводунун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Майлуу-Суу колледжинин ардак грамоталары менен сыйланган жана Майлуу-Суу шаарынын мэриясынан «Алкыш» жарыяланган ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ардак грамотасы менен сыйланган. Жумушун жогорку уюштуруучулук, жоопкерчилик менен так жана даана аткарат. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайлардын билим берүү стандарттарын, программаларын, жоболорун даярдаган. Адистиктердин окуу пландары жана нормативдик актыларды мыкты өздөштүргөн. Билимин өрүндөтүү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча конференцияларга, сынактарга жана семинарларга активдүү катышат. Эмгек тартартибин сактоого, өз милдеттерин так аткаргандыгы менен чындыкты баалайт. Жасап жаткан иштерине креативдүү ой жүгүртүү менен мамиле жасап, ак ниети менен ар бир багытка көңүл буруп аткарат.