Колледж жөнүндө

Миссиясы

Коомдун, экономиканын, өндүрүштүн азыркы өнүгүү тенденцияларына шайкеш келген атаандаштыкка жөндөмүү кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоо.

Тарыхы

ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи 1965-жылы Майлуу-Суу электролампа заводуна жана мурдагы Советтер Союзунун башка электролампа заводдоруна кесиптик орто билимдүү кадрларды даярдоо максатында электро механикалык техникум катары ачылган. Техникумдун студенттери өндүрүштүк практикаларды биргана Майлуу-Суу шаарында өтпөстөн, Смоленск, Рига, Херсон, Волгоград, Бишкек, Калашниково, Саранск жана башка шаарларда өтүшкөн. Ал эми техникумду бүтүрүүчүлөрдү мурдагы Советтер Союзундагы электро лампа жана машина куруу багытындагы заводдоруна жумуш орундарына жөнөтүлгөн.

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик университет ачылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин 1993-жылынын 14-майындагы №169/1 буйругу менен мурдагы Майлуу-Суу электро механикалык техникуму ЖАМУнун МАйлуу-Суу электро техникалык колледжи болуп кайра түзүлгөн. 2008-жылы замандын талабына жараша жана жаңы адистер ачылгандыгына байланыштуу ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи болуп аты өзгөртүлгөн (КРнын ББИМнин 2008-ж. №726/1 буйругу).

ЖАМУнунМайлуу-Суу колледжи кесиптик орто билим берүүнүн базалык программаларын ишке ашыруу менен, республикалык бюджеттин эсебинен, андан тышкары келишимдик негизде окутуудан түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат. Билим берүү ишмердүүлүгү төмөнкү №LC140000445, №LC160000658 и №LC170000820 лицензиялардын негизинде жүргүзүлөт.

ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин эки окуу корпусу жана студенттер үчүн жатаканасы бар.  Биринчи корпуста окуу кабинеттери, компьютердик класс, чоң залы, жыйындар залы, китепкана, окуу залы, студенттик ашкана жайгашкан. Ал эми экинчи корпуста болсо окуу кабинеттери, заманбап компьютердик класс, лабораториялар, окуу устаканалары жана башка көмөкчүкааналар бар. Студенттик жатаканада жашоочулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, санитардык түйүндөр капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, «термекс» электр суу жылыткычы орнотулган.

Укуктук-ченемдик документтер

Устав колледжа

 

Бөлүшүү: