Усувалиева Гулбарчын Маматкасымонва «Автоматташтырылган маалыматтар системасы» предметинен БАС-1-22 тайпасынын студенттерине түрдүү усулдук ыкмалар: «Мөмөлүү дарак» жана «Венндин диаграммасы» ж.б.у.с. менен өткөн сабагынан көрүнүштөр.
Урустамова Авазкан Матраимовна «Электрдик машыналар жана аппараттар» предметинен Э-1-22 тайпасынын студенттерине замамбап интерактивдүү усулдук ыкмалар менен өткөн сабагындагы кайтарым байланышта студенттер атайын топторго бөлүнүшүп, өздөрү жактаган темаларын түрдүү чиймелердин жардамы менен жактоодо студенттер өттө актидүүлүк менен пикир алмашышты:
Жогоруда аталган эки окутуучунун тең педагогдук тажрыйбаларын жайылтуу жана башка окутуучулар менен тажрыйба алмашуу максатында усулчу катары сунуштап кетемин. Өзгөчө, Гулбарчын Маматкасымовнанын жана Авазкан Матраимовнанын ачык сабактарынын пландарынын түзүлүштөрү замамбап жана усулдук колдонмо катары жайылтууга татыктуу. Ачык сабактарын эң жогорку деңгээлде өткөндөрүнө катышкан окутуучулардын атынан ыраазычылык билдиребиз.