Майлуу-Сууйский колледж среднеспециальное учебное заведение. Майлуу-Суу колледжи орто-кесиптик билим беруу мекемеси.

Майлуу-Суйский колледж им. Бекмамата Осмонова организовал экскурсию в ОАО Кыргызнефтегаз. Студенты группы РНГ -1-24 и РНГ-1-25 посетили механический цех где увидели станки по обработке металлов и участок по проведению капитального ремонта оборудования, также ознакомились технологическим процессом обработки нефти на участке добычи перегонки нефти в город Манас для дальнейшего производства дизельного топлива, масел, мазута и другой продукции. А также посмотрели заводскую лабораторию по проведению анализов нефти на содержание воды

Пред конференция перед производственной практикой в группе Э-1-24,РНГ-1-24 дневной формы обучения и перед государственной (предквалификационной) практикой в группе БКМс-1,2-23; БАСс-1-23; БЭс-1-23; Э-1-23 заочной формы обучения учреждения « Майлуу-Сууйский колледж научно- образовательного производственного комплекса «Джалал-Абадский государственный университет имени Б. Осмонова»

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин студенттерине 2026-жылдын 22-октябрь күнү дене тарбия окутуучусу Токтобаев Максат дене тарбия сабагынан эстафеталык кыймылдуу оюндар деген темада ачык саат өттү

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин жатаканасындагы жашаган студенттерге 2026-жылдын 20-октябрь күнү Майлуу-Суу шаарынын ШИИБдин УИМ милициянын капитаны Каримов Самат жана ЖИИ милициянын лейтенанты Маматов Абибилла жаштардын арасында болуп жаткан рекетчилик, тартип бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштерди жүргүзүштү

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин» окуу графигине ылайык, БАС-1-24 тайпасынын студенттери үчүн «Интернет-жарыя» сабагынан аралык текшерүү (модуль) болуп өттү.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий билим берүү, өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжи БАС-1-24 тайпасынын ата-энелер чогулушу Датасы: 2026-жылдын 21-октябры Катышуучулар: Курс жетекчиси, бүтүрүүчү курстун студенттеринин ата-энелери. Күн тартиби (Каралуучу маселелер): 1. Өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана анын маанилүүлүгү 2. Окуу жайдагы ички тартип, жүрүм-турум жана тартип (дисциплина) 3. Сырткы көрүнүш жана кийим-кече маданияты 4. Келишим (контракт) акысын өз убагында төлөө 5. Сабакка катышуу (посещаемость) жана жетишүү 6. Ар кандай маселелер

🥊 КИКБОКСИНГ БОЮНЧА I ОРУН — МАЙРАМ КЕРИМБЕКОВНАНЫН ЖЕҢИШИ! Кыргыз Республикасынын жаштар жана өспүрүмдөр арасында спорттун кикбоксинг түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште Исмаилова Майрам Керимбековна 48 кг салмак ченинде күч сынашып, I орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. Мелдеш Кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине арналган. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинин өкүлү болгон Майрам Керимбековнаны жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан ары да ийгиликтер коштоп, жаңы жеңиштерге жетише беришине тилектешпиз! Жеңишиңиз кут болсун! 🏆🇰🇬

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (Жаму) илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин» окуу графигине ылайык, БАС-1-24 тайпасынын студенттери үчүн » Веб-технологияларынын негиздери » сабагынан аралык текшерүү (модуль) болуп өттү.

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин 2026-2027 окуу жылынын I жарым жылдыгына карата аралык текшерүүнүн жадыбалы

🏆 КОЛЛЕДЖИБИЗДИН СТУДЕНТИ КУБАНЫЧБЕКОВА СЕЗИМАЙДЫН СПОРТТУК ЖЕТИШКЕНДИГИ! Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинин студенти Кубанычбекова Сезимай бокс боюнча республикалык олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин биринчилигинде ийгилик жаратып, I орунду ээледи. Мелдеш 2009–2010-жылы туулган балдар жана кыздар арасында Жалал-Абад облусунун курамасына тандоо максатында өткөрүлдү. 🥇 Жеңиштин жыйынтыгында Кубанычбекова Сезимай I даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды. 👏 Сезимайды жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан ары да ийгиликтерди жаратып, спортто жаңы бийиктиктерди багындырышына тилектешпиз! Жеңиштериң арбын болсун! 🇰🇬🥊