Академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде, «“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинде» Борбордук Азия колледжинин 21 ПНК тайпасынын студенттерине Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Мырзасапарова Тумаркан Алишеровна “Тарбиянын, өзүн-өзү тарбиялоонун жана кайра тарбиялоонун байланышы” темасында сабак өтүп берди.

Окуу жайлар менен түзүлгөн өз ара кызматташтык келишимине ылайык, академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде, «“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинде» Борбордук Азия колледжинин 21/22 КС тайпасынын студенттерине Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Омаралиева Бахтигуль Усарбаевна “Виды компьютерной графики: растровая, векторная, фрактальная графика” темасында сабак өтүп берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги А.С. Кадыралиевдин 2026-жылдын 6-мартындагы чыгыш №20-2388 сандуу тапшырмасына калктуу конуштардын, жолдун жээгиндеги бак-дарактарды актоо жана шаар аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2026-жылдын 11-апрелинде саат 9:00 дөн баштап «Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин эмгек жамааты бак-дарактарды актап, ишембилик өткөрдү.

 

2026-жылдын 9-апрель куну МАНАС шаарында Кыргызстан жаштар кыйымылы тарабынан уюуштурулган «Кыялымдагы Кыргызстан Жалал-Абад-2026» аттуу жаштар форумуна Б. Осмонов атындагы илимий-билим беруу ондуруштук комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университети Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Байгозу уулу Сапарбек жана Майлуу-Суу колледжинин активист студенттери Абдысейитов Айдар, Нурматова Жасмина, Бакыев Тилек барып катышып келишти.

2026-жылдын 3-апрель куну Таш-Комур шаарындагы «Иновациялык технологиялар жана энергетика институтунда» откорулгон “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунунун алкагында өткөрүлүп жаткан “Билим берүү системасында санариптик технологиялардын актуалдуулугу жана өнүгүү тенденциялары” аттуу аймактык илимий -практикалык конференциясына Майлуу-Суу колледжинин география окутуучусу Мырзасапарова Тумаркан Алишеровна жана атайын сабактар боюнча окутуучу Омаралиева Бахтигуль Усарбаевна катышып мыкты баяндамасы учун биринчи даражадагы дипломдор менен сыйланышты.