“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий- билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжи” мекемеси. “Башталгыч класстардын мугалими” 2-курстун БКМ-1-24 тайпасынын студенттери «Манас таануу» сабагынан жарым жылдык жыйынтыктоочу өтүм тапшырышты. Сабакты өздөштүрүү деңгээли жогору болуп, студенттер теориялык жана практикалык жактан жакшы даярдык көрсөткөн.
Өтүм учурунда студенттер эпостогу каармандар, сюжет, тарбиялык мааниси жана маданий баалуулуктар тууралуу терең билимин көрсөтүштү. Алар көркөм окуу, ойлор менен бөлүшүү, суроо-жооп жана топтук иш формаларында активдүүлүгүн айкын чагылдырды.
Бир семестр ичинде окуусунда жогорку жетишкендиктерге жетишкен студенттер өтүмдөн бошотулду. Калган студенттер өтүмдү жогорку деңгээлде тапшырып, сабакка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин далилдешти.
Жыйынтыгында, БКМ-1-24 тайпасынын студенттери «Манас таануу» сабагын ийгиликтүү өздөштүрүп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.








