« 🏆 Спорттук мелдештердин жыйынтыгында Майлуу-Суу колледжинин студенттери төмөнкү ийгиликтерге жетишти: 🥇 Волейбол – 1-орун; 🥈 Футбол – 2-орун; 🥈 Теннис – 2-орун (БЭ-1-25 тайпасынын студенти Шаманов Талган); 🥈 Шахмат – 2-орун (БАС-1-26 тайпасынын студенти Казакенов Аслан). 🎭 Концерттик программада БАС-1-25 жана Е-1-26 тайпаларынын студенттери биргеликте көркөм вальс бийин тартуулашса, БКМ-1-26 тайпасынын студенттери кызыктуу жана күлкүлүү сценка көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Бул иш-чаралар студенттердин талантын, чыгармачылыгын жана спорттук жөндөмдөрүн көрсөтүүгө, жаштар арасында достукту жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түздү. 👏 Жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы окууларына, чыгармачылыгына жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалайбыз!

WhatsApp Image 2026-11-18 at 11.17.08

Добавить комментарий