Бирдиктүү салык декларациясы.

   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – МСК), салык төлөөчүлөр менен

салык органдарынын өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөштүрүү максатында

МСКнын автоматташтырылган маалымат системаларына онлайн

каттоо/кирүү боюнча шарттар түзүлгөнүн маалымдайт.

   МСК тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетине бир нече кирүү

ыкмалары ишке ашырылды. Азыркы учурда салык төлөөчүгө Салык

төлөөчүнүн кабинетине каттоо жана кирүү үчүн салык органдарына

кайрылууга милдеттүү эмес. Бул үчүн бирдиктүү идентификациялоо

системасындагы (мындан ары – БИС) булуттук электрондук колтамга

болушу керек.

   БИС – бул маалыматтык системаларда камтылган маалыматка карата

санкцияланган жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул система колдонуучуга

БИСке туташкан колдонуучу менен маалыматтык системасынын коопсуз өз

ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

   МСК, тиркемеде бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн

Салык төлөөчүнүн кабинетине БИС аркылуу кирүү боюнча маалымат

камтылганын билдирет.

   Салык органдарынын оперативдүү ишин камсыз кылуу, салык

органдарына Салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү/паролун калыбына

келтирүү суроолору менен кайрылууларды азайтуу, ошондой эле

декларациялык кампанияны ийгиликтүү аяктоо максатында, МСК

министерстволордун, ведомстволордун, мамлекеттик органдын

территориалдык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик органга караштуу

мекемелеринин, ишканалардын кызматкерлерин тиркелген колдонмо менен

тааныштырууну суранат.

«»»»»»»»»»Инструкция по использованию ЕСИ в Кабинете налогоплательщика»»»»»»»»»»

Бөлүшүү:

Добавить комментарий