БКМ-1-23 жана БКМ-2-23 тайпалары мамлекеттик практиканы ийгиликтүү аякташты. 2026-жылдын 14-май күнү БКМ-1-23 жана БКМ-2-23 тайпалары практика боюнча даярдалган отчетторун комиссияга ийгиликтүү тапшырышты. Комиссиянын курамында төмөнкү окутуучулар болду: Джураева Б. П. Мырзасапарова Т. А. Энезарова С. Т. Хужаматова Г. К. Практика боюнча отчеттор комиссия тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, студенттердин жоопкерчиликтүү даярдыгы, педагогикалык чеберчилиги жана чыгармачылык менен иш алып баруусу өзгөчө белгиленди. Айрыкча БКМ-1-23 тайпасынын студент кыздары отчетторун мазмундуу, талапка ылайык жана сапаттуу даярдап тапшырышты. Өзгөчө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер: Абдуганиева Айда Абдуганиева Аселя Абдурахимова Алина Давлеталиева Бегимай Джаныбекова Альбина Куватбекова Айдана Макамбаева Танзеля Маматназарова Жылдыз Оморалиева Малика Рустемова Афина Сагынбаева Азиза Сатыбалдиева Бегимай Токторбаева Айша Аталган студенттер мамлекеттик практика учурунда активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана педагогикалык даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөтүп, комиссиянын мактоосуна татыктуу болушту. Ошондой эле практика учурундагы жетишкендиктери жана үлгүлүү ишмердүүлүгү үчүн мектеп администрациясы тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланышты. 18.05.2026 redaktor
Б. Осмонов атындагы илимий-билим беруу ондуруштук комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенткасы Романова Асема 90 кг чейинки салмак категориясында арместилинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду жана эки колуна тең биринчи орунду ээледи. Бул өжөр эмгектин, эрктин жана жеңишке болгон чыныгы умтулуунун натыйжасы. Биз анын жетишкендиги менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз жана алдыда мындан да чоң жеңиштерди каалайбыз! Биздин студент — биздин сыймыгыбыз! 15.05.2026 redaktor
Майлуу-Суу колледжинин (МСК) БАС-1-23 тайпасынын студенти Кулбаева Сумайя квалификация алдындагы практикасын өтүп келип практика боюнча отчетун ийгиликтүү тапшырды. Практика жетекчиси — Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна. 15.05.2026 redaktor
Майлуу-Суу колледжинин (МСК) БАС-2-23 тайпасынын студенти Жумалиев Байаман квалификация алдындагы практикасын өтүп келип практика боюнча отчетун ийгиликтүү тапшырды. Практика жетекчиси — Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна. 15.05.202615.05.2026 redaktor
БАС-1-23 тайпасынын студенттери квалификация алдындагы практикасын эң мыкты өткөн үчүн окуу жайдын атына мекеме-ишканалар тарабынан ыраазычылык каттар берилип, ошондой эле, студенттерибиз мактоо баракчалары менен сыйланып келишти. Биздин студенттерибизди практика учурунда ар тараптан колдоп, колледжден алган билимдерин дагы тереңдетүүгө көмөктөшкөн ишканалардын жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. 15.05.2026 redaktor
«Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)» адистигинин БАС-1-23 тайпасынын студенттери квалификация алдындагы практикасын өтүп келип, практика боюнча отчетторун тапшырышты. Практика жетекчиси Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна жана адистик боюнча сабактардын окутуучусу Байгозу уулу Сапарбек студенттердин практика боюнча отчетторун кабыл алышты. 15.05.202615.05.2026 redaktor
AVN программасына окуу пландарын жана окуу саттарын эсептөө-бөлүштүрүүнү киргизүү боюнча ЖАМУнун окуу бөлүмүндө. 15.05.2026 redaktor
28-апрель Педагогика предметинен БКМ -1-24 тайпасы бышыктоо максатында студенттер сабакта жооп берип жатат. 12.05.2026 redaktor
Б. Осмонов атындагы илимий-билим беруу ондуруштук комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университети Орто кесиптик окуу жайлардын арасында «ОЛИМПИАДА-2026» аталышындагы Колеждер аралык олимпиадага Майлуу-Суу колледжинин студенттери 15 предметтен катышып 6 байгелуу орундукка жетишти. Атап айтсак Чет тили предметинен Калдарова Эркинай биринчи даражадагы диплом менен сыйланды жана Биология предметинен Салыева А 2-орун Педагогика предметинен Бактыбекова А 2-орун Кырг тили Абышева А 3-орун Экология (жашыл кондумдор) Иманбеков С 2-орун Кабылжанова Мунара математика предметинен 3-орунду алышты ЖАМУ тарабынан дипломдор менен сыйланышты. Калган студенттер активдуу катышкандыгы учун Майлуу-Суу колледжинин администрациясы тарабынан Мактоо баракчалары менен сыйланышты. 29.04.2026 redaktor
«Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин БКМ-1-23 тайпасы учурда мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын алкагында студент Абдуганиева Аида №5 мектептин 2-Д классында тарбиялык саат өткөрдү. Сабактын темасы «Китеп – биздин досубуз» болду. Тарбиялык саат жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучуларга китептин мааниси, билим алууда анын орду жана китепти сүйүү, аны аярлап колдонуу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Сабак учурунда кызыктуу суроо-жооптор, чакан оюндар жана талкуулар уюштурулуп, окуучулар активдүү катышышты. Жыйынтыгында, Абдуганиева Аиданын тарбиялык сааты мазмундуу жана тарбиялык мааниси жогору деңгээлде өтүп, мугалимдер тарабынан оң баага ээ болду. 23.04.202623.04.2026 redaktor