Коррупцияга жол жок!!!

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинде «Коррупцияга жол жок!!!» деген темада тарбиялык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө коррупциянын коомго тийгизген зыяны, анын кесепеттери жана аны алдын алуу жолдору жөнүндө сөз болду. Мугалим адилеттүүлүк, мыйзамды сактоо жана жоопкерчилик тууралуу кеңири түшүндүрүп берди.

Студенттер өз ойлорун айтып, суроолорго активдүү катышышты. Бул сабак бизге пара бербөө жана пара албоо ар бир жарандын милдети экенин түшүнүүгө жардам берди. Мындай сабактар жаштардын аң-сезимин өстүрүп, таза коомду курууга чоң салым кошот.

Бөлүшүү:

Добавить комментарий