Абдиев Асылбек Ташматович, адистик багыттар боюнча окутуучусу 2025-жылдын 27-февралында РНГ-1-23 тайпасындагы студенттерге «Тиштүү тетиктер боюнча жалпы маалымат» темасында ТЕХНИКАЛЫК МЕХАНИКА предметинен ачык сабак өттү.
Ачык сабактан тажрыйба алуучу көз ирмемдер:
1. Заманбап техниканы жана технологияны колдоно билүү.
2. Предметти чыныгы жашоого байланыштыруу;
— КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫ уюштуруу;
— ӨЗГӨЧӨ «Муз жаргычты» пайдалануу б-ча тажрыйба алуу максатында А.Т. Абдиевдин сабактарына кириңиздер. Ар тараптан күчтүү ОКУТУУЧУ экендигин студенттер менен болгон мамилесинде жана предметтик билимин берүүсүндө көрсөтө алды!