«Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун — коопсуз келечек»

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Ниязов Улан Омокановичтин демилгеси, ошондой эле 2022–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу концепциясы жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган Улуттук иш-чаралар планынын алкагында өлкөбүздүн бардык облустарында, райондорунда жана шаарларында «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек» аттуу форум өткөрүлдү.

Ушул демилгени колдоо жана аны ишке ашыруу максатында Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмү 2025-жылдын 18-апрелинде Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүндө форум өткөрдү.

Иш-чарага Майлуу-Суу шаарындагы мектептердин жетекчилиги, окутуучулары, колледждердин студенттери жана жаш активисттер катышып, жалпысынан 500гө жакын адам чогулду.

Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттерге жана уюштуруучуларга ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды. Форум жаштарды укуктук маданиятка үндөөдө, жоопкерчиликтүү болууга, өз ара сый-урмат мамиле түзүүгө чакырууда маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

Бөлүшүү:

Добавить комментарий