17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата студенттик кеңеш тарабынан концерттик программа түзүлүп, маданияттуу эс алуу кечеси Жалал-Абад шаарындагы «BROSCO» клубунда уюштурулуп өткөрүлдү. Окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн студенттер ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле сыйлуу тамактар тартылып, дискотека уюштурулуп берилди. Кызыктуу оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Балдардын коопсуздугуна ата-энелер жана окутуучулар бекитилип, көзөмөлдөп турушту.