Б. Осмонов атындагы илимий-билим беруу ондуруштук комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенткасы Романова Асема 90 кг чейинки салмак категориясында арместилинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду жана эки колуна тең биринчи орунду ээледи. Бул өжөр эмгектин, эрктин жана жеңишке болгон чыныгы умтулуунун натыйжасы. Биз анын жетишкендиги менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз жана алдыда мындан да чоң жеңиштерди каалайбыз! Биздин студент — биздин сыймыгыбыз!

Майлуу-Суу колледжинин (МСК) БАС-2-23 тайпасынын студенти Жумалиев Байаман квалификация алдындагы практикасын өтүп келип практика боюнча отчетун ийгиликтүү тапшырды. Практика жетекчиси — Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна.

БАС-1-23 тайпасынын студенттери квалификация алдындагы практикасын эң мыкты өткөн үчүн окуу жайдын атына мекеме-ишканалар тарабынан ыраазычылык каттар берилип, ошондой эле, студенттерибиз мактоо баракчалары менен сыйланып келишти. Биздин студенттерибизди практика учурунда ар тараптан колдоп, колледжден алган билимдерин дагы тереңдетүүгө көмөктөшкөн ишканалардын жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.

«Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)» адистигинин БАС-1-23 тайпасынын студенттери квалификация алдындагы практикасын өтүп келип, практика боюнча отчетторун тапшырышты. Практика жетекчиси Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна жана адистик боюнча сабактардын окутуучусу Байгозу уулу Сапарбек студенттердин практика боюнча отчетторун кабыл алышты.