23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү

Кыргыз Республикасынын «23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө» карата кыргыз тилинин коомдук маанисин жогорулатуу, өнүктүрүү жана кыргыз улуттук мурас, дөөлөттөрдү калкка кеңири жайылтуу максатында Майлуу-Суу колледжинде «Кыргыз тилим-эне тилим» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Дубал гезиттер чыгарылып, буклеттер даярдалып көргөзмө уюштурулду. Кыргыз тили жана адабияты сабактарында жат жазуу, дилбаян, эсселер жаздырылып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, жаңылмач, макал-лакап, табышмактар айтылды жана кыз-жигиттердин айтыштары болду.

Бөлүшүү:

Добавить комментарий