5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү куттуу болсун!

Келечектин пайдубалын бекемдей турган негиз катары жаш муундарга жол көрсөткөн инсандар — сиздерсиздер. Ар бириңиздер билим, зор эмгек жана чыдамкайлык менен студенттерге жарык чачып, аларды турмушка даярдап жатасыздар. Биздин келечектин кепилдиги болгон муундар сиздердин көзөмөлдө калыптанып, көчөт сыяктуу өзгөчө камкордук менен өсүп, коомго жана адамзатка салым кошо ала турган күчтүү инсандарга айланышууда.

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинде 5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө карата студенттер окутучууларга сонун маанай тартуулап тосуп алышты.

Бөлүшүү:

Добавить комментарий