2026-жылдын 20-майында «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүруштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжи” мекемесинин бутүрүүчүлөрү менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуусу жана “Бош орундар жарманкеси” болуп өттү. Жолугушууга жаштардын келечегине кайдыгер карабай шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү келип катышты. “Бош орундар жарменкеге” ар бир мекеме ишкана боюнча кандай адистер, документтер керек экенин маалымдап кетишти.

БКМ-1-23 жана БКМ-2-23 тайпалары мамлекеттик практиканы ийгиликтүү аякташты. 2026-жылдын 14-май күнү БКМ-1-23 жана БКМ-2-23 тайпалары практика боюнча даярдалган отчетторун комиссияга ийгиликтүү тапшырышты. Комиссиянын курамында төмөнкү окутуучулар болду: Джураева Б. П. Мырзасапарова Т. А. Энезарова С. Т. Хужаматова Г. К. Практика боюнча отчеттор комиссия тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, студенттердин жоопкерчиликтүү даярдыгы, педагогикалык чеберчилиги жана чыгармачылык менен иш алып баруусу өзгөчө белгиленди. Айрыкча БКМ-1-23 тайпасынын студент кыздары отчетторун мазмундуу, талапка ылайык жана сапаттуу даярдап тапшырышты. Өзгөчө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер: Абдуганиева Айда Абдуганиева Аселя Абдурахимова Алина Давлеталиева Бегимай Джаныбекова Альбина Куватбекова Айдана Макамбаева Танзеля Маматназарова Жылдыз Оморалиева Малика Рустемова Афина Сагынбаева Азиза Сатыбалдиева Бегимай Токторбаева Айша Аталган студенттер мамлекеттик практика учурунда активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана педагогикалык даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөтүп, комиссиянын мактоосуна татыктуу болушту. Ошондой эле практика учурундагы жетишкендиктери жана үлгүлүү ишмердүүлүгү үчүн мектеп администрациясы тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланышты.

Б. Осмонов атындагы илимий-билим беруу ондуруштук комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенткасы Романова Асема 90 кг чейинки салмак категориясында арместилинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду жана эки колуна тең биринчи орунду ээледи. Бул өжөр эмгектин, эрктин жана жеңишке болгон чыныгы умтулуунун натыйжасы. Биз анын жетишкендиги менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз жана алдыда мындан да чоң жеңиштерди каалайбыз! Биздин студент — биздин сыймыгыбыз!

Майлуу-Суу колледжинин (МСК) БАС-2-23 тайпасынын студенти Жумалиев Байаман квалификация алдындагы практикасын өтүп келип практика боюнча отчетун ийгиликтүү тапшырды. Практика жетекчиси — Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна.

БАС-1-23 тайпасынын студенттери квалификация алдындагы практикасын эң мыкты өткөн үчүн окуу жайдын атына мекеме-ишканалар тарабынан ыраазычылык каттар берилип, ошондой эле, студенттерибиз мактоо баракчалары менен сыйланып келишти. Биздин студенттерибизди практика учурунда ар тараптан колдоп, колледжден алган билимдерин дагы тереңдетүүгө көмөктөшкөн ишканалардын жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.

«Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)» адистигинин БАС-1-23 тайпасынын студенттери квалификация алдындагы практикасын өтүп келип, практика боюнча отчетторун тапшырышты. Практика жетекчиси Усувалиева Гульбарчын Маматкасымовна жана адистик боюнча сабактардын окутуучусу Байгозу уулу Сапарбек студенттердин практика боюнча отчетторун кабыл алышты.