БКМ-1-23 жана БКМ-2-23 тайпалары мамлекеттик практиканы ийгиликтүү аякташты. 2026-жылдын 14-май күнү БКМ-1-23 жана БКМ-2-23 тайпалары практика боюнча даярдалган отчетторун комиссияга ийгиликтүү тапшырышты. Комиссиянын курамында төмөнкү окутуучулар болду: Джураева Б. П. Мырзасапарова Т. А. Энезарова С. Т. Хужаматова Г. К. Практика боюнча отчеттор комиссия тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, студенттердин жоопкерчиликтүү даярдыгы, педагогикалык чеберчилиги жана чыгармачылык менен иш алып баруусу өзгөчө белгиленди. Айрыкча БКМ-1-23 тайпасынын студент кыздары отчетторун мазмундуу, талапка ылайык жана сапаттуу даярдап тапшырышты. Өзгөчө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер: Абдуганиева Айда Абдуганиева Аселя Абдурахимова Алина Давлеталиева Бегимай Джаныбекова Альбина Куватбекова Айдана Макамбаева Танзеля Маматназарова Жылдыз Оморалиева Малика Рустемова Афина Сагынбаева Азиза Сатыбалдиева Бегимай Токторбаева Айша Аталган студенттер мамлекеттик практика учурунда активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана педагогикалык даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөтүп, комиссиянын мактоосуна татыктуу болушту. Ошондой эле практика учурундагы жетишкендиктери жана үлгүлүү ишмердүүлүгү үчүн мектеп администрациясы тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланышты.