Майлуу-Сууйский колледж ЖАГУ имени Бекмамат Осмонова
Б. Осмонов атындагы илимий-билим беруу ондуруштук комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенткасы Романова Асема 90 кг чейинки салмак категориясында арместилинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду жана эки колуна тең биринчи орунду ээледи. Бул өжөр эмгектин, эрктин жана жеңишке болгон чыныгы умтулуунун натыйжасы. Биз анын жетишкендиги менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз жана алдыда мындан да чоң жеңиштерди каалайбыз! Биздин студент — биздин сыймыгыбыз!