7-апрель «Элдик революция күнү»

   2010-жылдын 7-апрель Элдик революция күнү эскерүү митинги 2024-жылдын 5-апрель күнү саат 11:00дө «Эрдик» скверинде М.Ө.Бостонбаевдин эстелигине Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МСКнын администрациясы жана студенттери менен биргеликте гулчамбар коюшту жана РНГ-1-23 тайпасынын студенти шаардык кросско катышып 1-орунду ээледи.  

2024 жыл 2-апрель ЖАМУга 101 жыл!

2024 жыл 2-апрель Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 101 жыл!  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи Куттуктайбыз!!! Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2-апрель 1993-жылы электроника, энергетика, курулуш, билим берүү багыттары боюнча базалык жана толук жогорку билимдүү адистерди, Толук окуу …

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин студенттери жана агай-эжекелер 20-мартта экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатаында ишембиликке чыгышып, тазалоо иштерин жургузушту жана бак-дарактарды отургузушту.

Экстремизм жана терроризмге каршы чара көрүү. (Зордук-зомбулук, кылмыштуулук, рекетчилик)

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжине Майлуу-Суу ШИИБдин КККнын милициянынын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын лейтенанты Сайпидинов Тыныбек жана Майлуу-Суу ШИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн милициянын улук лейтенанты Нарматов Нурсултан экстремизм жана терроризмге каршы лекция окулду.

МСКнын периси 2024.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде «Кана эмесе кыздар» кароо сынагы болуп өттүү. Бул кароо сынагында кыздар ар кайсы улуттардын үрп-адаттарын, каада салттарын жана өздөрүнүн өнөрлөрүн көргөзүштүү.

«Дүйнөлүк эне-тили» күнү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде 21-февраль «Дүйнөлүк эне-тили» күнүнө карата конференция болуп өттү. Конференцияда эл аралык тилдеринде Испан, Француз, Түрк жана Кыргызча докладтар окулду жана бийлешти.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МСКнын «Мыкты окутуучу» кароо-сынагынын талапкери Энезарова С.Т.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МСКнын «Мыкты окутуучу» кароо-сынагынын талапкери Энезарова С.Т. «Коруппция» темасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинен келген комиссия мүчөлөрүнө ачык сабак өттү.

21-февраль «Эл аралык эне тил» күнү.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин студенттери маданият уйундө 21-февраль «Эл аралык эне тил» күнүнө карата салтанаттуу иш-чара 20-февраль күнү саат 14:00 до Маданият үйүндө өткөрүлгөн салатанттуу майрамга активдүү катышып келишти.

Бирдиктүү салык декларациясы.

   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – МСК), салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөштүрүү максатында МСКнын автоматташтырылган маалымат системаларына онлайн каттоо/кирүү боюнча шарттар түзүлгөнүн маалымдайт.    МСК тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетине бир Толук окуу …

Байгозу уулу Сапарбек квалификацияны жогорулатуу курсун өттү.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи атайын дициплиналары боюнча окутуучусу Байгозу уулу Сапарбек 2023-жылдын 9-октябрынан 13-октябрына жана 2024-жылдын 13-февралынан 16-февралына чейин «Frontend жана Backend өнүктүрүүнүн негиздери» программасы боюнча 72 саат квалификацияны жогорулатуу курсун өттү.