Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинде Кыргыз Республикасынын «23-сентябрь Мамлекеттик тил» күнүнүн 35 жылдыгына карата, тилдин өнүгүүсүнө анын коомдук маанисин жогорулатуу, ошондой эле кыргыз улуттук мурас, дөөлөттөрдү калкка кеңири жайылтуу иштерин улантуу максатында «Мамлекеттик тил менен өлкөбүз өнүгөт» темасы боюнча конференциясы болуп өттү.