Билим күнү

1-сентябрь

Билим күнү бул-баардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы. 

Билим күнүнүн тарыхы
1-сентябрь мамлекеттик майрам катары белгиленип, бул майрамды мугалимдердин күнү менен алмаштырбоо керек, анткени мугалимдердин күнү башка күнү белгиленет.

Официалдык түрдө «Билим куну» СССРде 1984-жылдан тартып белгилене баштаган. 1-сентябрь СССРде мамлекеттик статус ала электе, бул күн жөн эле окуу күнү болчу. Ошого карабастан бул күнү салтанаттуу линейка өткөрүлчү, бирок андан кийин кадимки сабактар өткөрүлүп иш күнү болуучу.

Жергиликтүү мэрлер, акимдер, айыл башчылары, деги эле мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү «1-сентябрь» күнү линейкаларга катышып, мугалимдерди жана окуучуларды билим күнү менен куттукташат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Билимдүүнүн түнү — күн,
Билимсиздин күнү — түн.
Жылдыздын көбү — асмандын көркү.
Билимдин көркү — акылдын көркү.

Билим берип жатканда,
Тез-тезинен алып ал.
Жашоо оңой билим менен,
Жыргал заман ушунда.

 

Бөлүшүү:

Добавить комментарий