«Чернобыль аппаатына 38-жыл», «Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү».

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин конференция залында Чернобыль аппаатына 38-жылына студенттер доклад окудуу.ШИИБдин милициянын аймактык өкүлүнүн катышуусунда «Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» боюнча студенттер доклад окуду жана видеотасмалар көрсөтүлдү.  

ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «100 жылдыкка 100 иш-чара» өткөрүүнүн алкагында «Олимпиада-2024».

ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «100 жылдыкка 100 иш-чара» өткөрүүнүн алкагында, ЖАМУнун орто кесиптик окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн «Олимпиада-2024» аталыштагы аймактык олимпиадага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледждин студенттери байгелүү орундарды ээлешти.

КРнын Президентинин Жарлыгынын алкагында, «Жашыл мурас», «Табиятты сактайлы», «Бир окуучу-бир көчөт» жана «Улуттук тазалык күнү».

КРнын Президентинин Жарлыгынын алкагында, «Жашыл мурас», «Табиятты сактайлы», «Бир окуучу-бир көчөт» жана «Улуттук тазалык күнүнө» карата Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде 6-апрель күнү колледждин территориясындагы жана шаардык бак-дарактар акталып, көчөттөр отургузулуп жана ишембиликте тазалоо жумуштары аткарылды.  

7-апрель «Элдик революция күнү»

   2010-жылдын 7-апрель Элдик революция күнү эскерүү митинги 2024-жылдын 5-апрель күнү саат 11:00дө «Эрдик» скверинде М.Ө.Бостонбаевдин эстелигине Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МСКнын администрациясы жана студенттери менен биргеликте гулчамбар коюшту жана РНГ-1-23 тайпасынын студенти шаардык кросско катышып 1-орунду ээледи.  

2024 жыл 2-апрель ЖАМУга 101 жыл!

2024 жыл 2-апрель Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 101 жыл!  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи Куттуктайбыз!!! Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2-апрель 1993-жылы электроника, энергетика, курулуш, билим берүү багыттары боюнча базалык жана толук жогорку билимдүү адистерди, Толук окуу …

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин студенттери жана агай-эжекелер 20-мартта экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатаында ишембиликке чыгышып, тазалоо иштерин жургузушту жана бак-дарактарды отургузушту.

Экстремизм жана терроризмге каршы чара көрүү. (Зордук-зомбулук, кылмыштуулук, рекетчилик)

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжине Майлуу-Суу ШИИБдин КККнын милициянынын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын лейтенанты Сайпидинов Тыныбек жана Майлуу-Суу ШИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн милициянын улук лейтенанты Нарматов Нурсултан экстремизм жана терроризмге каршы лекция окулду.

МСКнын периси 2024.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде «Кана эмесе кыздар» кароо сынагы болуп өттүү. Бул кароо сынагында кыздар ар кайсы улуттардын үрп-адаттарын, каада салттарын жана өздөрүнүн өнөрлөрүн көргөзүштүү.

«Дүйнөлүк эне-тили» күнү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде 21-февраль «Дүйнөлүк эне-тили» күнүнө карата конференция болуп өттү. Конференцияда эл аралык тилдеринде Испан, Француз, Түрк жана Кыргызча докладтар окулду жана бийлешти.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МСКнын «Мыкты окутуучу» кароо-сынагынын талапкери Энезарова С.Т.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун МСКнын «Мыкты окутуучу» кароо-сынагынын талапкери Энезарова С.Т. «Коруппция» темасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинен келген комиссия мүчөлөрүнө ачык сабак өттү.