Бир кылымга тете күн болот демекчи, бутундөй бир улутка тете да киши болот экен. Себеби дүйнө жүзүндө Чыңгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чынгызды эстеген канчалаган эл бар. Мына ошол улуу жазуучубуз, дүйнө элинин алдында кыргыз үчүн опол тоодой тирек болуп берээр улуу чынарыбыз Чыңгыз Айтматов 12- декабрь күнү 91 жашка чыкмак. Ч.Айтматов азыркы учурдун эң көп окуган жазуучуларынан. Анын чыгармалары 128 өлкөдө 176 дан ашык тилге которулуп , 100 миллиондон ашык нуска менен басылган. Андан сырткары көптөгөн өлкөнүн орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында окуу программасына киргизилген. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргызстандын эң жогорку сыйлыктарын алган.