Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи профориентациялык иштер башталып, окуучуларды кесипке багытоо менен туура кесип тандоого көмөктөшүү максатында, окуу жай тууралуу маалымат берилип, профориентациялык үгүттөө иштерин уюштуруу колго алынды. Профориентациялык иштер Жалал-Абад облусунун Аксы райондорунун мектептеринин 9 – 11 классынын окуучуларынын арасында жүргүзүлүп, мектеп окуучулары тарабынан каржы , экономист – бухгалтер, башкаруунун автоматташтырылган системасы, башталгыч класстын мугалими жана электр менен камсыздоо жаатында суроолор берилип, окутуучулар тарабынан кеңири маалыматтар айтылды.