Б. Осмонов атындакгы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинде Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Алп жазуучуну дүйнө эли окушат!” аталышындагы илимий-практикалык конференция Майлуу-Суу колледжинин усулчусу жана илимий иштер боюнча жооптусу Тойчубекова Гүлсада Жолчубековнанын жетекчилиги менен уюштурулуп, «Дүйнөнү биз өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү» дивизинин негизинде өткөрүлдү.
Конференцияны өткөрүүгө даярдалган материалдар:
-көргөзмө, дубал гезиттер;
-сценарийдин толук тексти жана аткаруучулар;
-түрдүү мекемелердин өкүлдөрү: аксакалдар жана аялдар кеңештеринен, билим берүү бөлүмүнөн, мектептерден, орто окуу жайлардан катышышты.
«Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз!» Чынгыз Айтматов