« Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин массалык тартип бузуулардын алдын алуу, студент жаштардын укукка каршы аракеттерге тартылышына жол бербөө жана билим берүү уюмдарында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган багытта Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн КККнын МАЫОнун аймактык тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Келдибек уулу А. жана ЖИИнин милициянын лейтенанты Маматов Абибилла студенттер менен жолугушуу өткөрүп, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жаштардын массалык башаламандыктарга, зомбулукка жана башка мыйзамсыз аракеттерге тартылышына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.Ошондой эле окуу жайдын МОП кызматкерлери менен студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, алардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө жана ар кандай массалык башаламандыктарга, коомдук тартипти бузган аракеттерге аралашуусуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай жагдайлар орун алган учурда кызматкерлер окуу жайдын кураторлоруна же окутуучуларына дароо кабарлоосу керектиги белгиленди.

WhatsApp Image 2026-11-04 at 13.56.18

Добавить комментарий