Кыргызстан көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкө. Расмий маалыматка караганда өлкөдө 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Кыргызстанга 18-кылымда башка улуттар келе баштаган. Көпчүлүгү ислам динин таратуу максатында келе баштаган деп айтылат.
Орус падышачылыгын буйругу менен да орус жана украин, немис улуттары келишкен. Кытайдагы төңкөрүштөн кийин Кыргызстанга дунган, уйгур улутунун өкүлдөрү келишсе, андан кийин башка улуттар совет бийлигинин кезинде келип отурукташып калышкан.
Учурда Кыргызстанда калктын саны боюнча кыргыздардан кийин өзбек, орус жана дунган улуттары турат.
Кыргызстан кантип көп улуттуу өлкө болуп калды?
(Экинчи маалымат)
Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Кээ бир маалыматтарда 120га чейин жеткени айтылат. Дүйнөдө аянты боюнча 3-орунда, калкынын саны боюнча 1 млрд 300 млн кишиси бар 1-орунда турган Кытайда 56 улут жашайт. Аймагы жагынан анча чоң эмес Кыргызстан кантип көп улутту өлкөгө айланып калды?
Өлкөдө эң көп санды түзгөн азчылык улут өзбектер болуп саналат. Андан кийин орустар, украиндер, немистер, татарлар, казактар, тажиктер жана башкалар.
Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанды орто кылымдарда түрк-монгол элдери жердеп келгени белгилүү. XVI кылымда кыргыздар Теңир-Тоодо эл катары калыптангандан кийин, дээрлик азыркы Кыргызстан аймагын кыргыздар гана ээлеп калган. Фергана өрөөнүндө гана айрым өзбек, сарт, кыпчак, тажик улуттары болгон. Кокон хандыгынын күч алышы менен башка элдер өзбек, тажик, Фергана түрктөрү келе баштаган.
XVIII кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгын Цинь империясы талкалап салгандан кийин Ысык-Көл өрөөнүнө калмактар качып келип отрукташкан. XIX кылымдын экинчи жарымында кытай жазалоочуларынан качкан дунган, уйгур калкы Чүй, Көл, Фергана аймактарында отурукташкан.
Ар бир улуттун маданияты, үрп адаты, каада-салты жөнүндө тайпаларга болүп берилип кенири талкуу болду.