Максаты: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №26 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын №6 протоколунун 3-пунктун аткаруу.
Катышуучулар: Өлкөбүздүн бардык жарандары (жаштары чектелбейт).
Долбоордун негизги обьектиси: Жалал-Абад облусунун айыл аймактары, шаарлары.
Долбоордун багыттары: Жалал-Абад облусунун айыл аймактарынын, шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө орчундуу салым кошо ала турган, негизделген, маселелер.
Долбоор жеке же жарандардын тобу аркылуу, конкреттүү айыл аймак, шаар үчүн даярдалып, анык бир маселени чечүүгө багыт- талууга тийиш (экономика, медицина, билим берүү, коммуникация, ндүрүш ж.б.). Ошондой эле, олбоор аркылуу сунушталган маселе экономикалык – техникалык – укуктук жактан негизделип ишке шыруу жолдорун камтышы маанилүү.
Долбоорду тариздөө: Титулдук баракчада долбоордун аталышы; кийинки баракчада катышуучулар боюнча маалымат (ф.а., туулган жылы, жери, жашаган, иштеген жери, кызматы, байланыш үчүн телефондор); үчүнчү баракчада долбоордун темасы боюнча маселенин актуалдуулугу, чечүүнүн жолдору, алынуучу натыйжалар көрсөтүлөт.
Конкурс Б.Осмонов атндагыЖалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан каржыланат жана жалпы фонду 1 000 000 (бир млн.) сомду түзөт.
Конкурс ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпы жарандар үчүн өзүнчө жүргүзүлөт жана каржылоого ийгиликтүү кабыл алынган долбоорлор үчүн төмөндөгүдөй таризде акчалай байге каралат.
ЖАМУнунстуденттериүчүн – 300 000 (үч жүз миң) сом;
ЖАМУнун профессордук – профессордук — окутуучулук курамы үчүн – 300 000 (үч жүз миң) сом;
Жалпыжарандарүчүн – 400 000 (төрт жүз миң) сом.
Долбоорлор төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Жалал – Абадшаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси 25, ЖАМУКонкурска. Кошумча суроолор боюнча: Куваков С.Ж. +551191302 Алымкулов Б.Н. +996777111187