Майлуу-Сууйский колледж ЖАГУ имени Бекмамат Осмонова
«Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин БКМ-1-23 тайпасы учурда мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын алкагында студент Сатыбалдиева Бегимай №14 мектептин 2-А классында класстык саат өткөрдү. Сабактын темасы «Достук» болду. Класстык саат мазмундуу жана кызыктуу уюштурулуп, окуучуларга достуктун мааниси, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуу, жардам берүү сыяктуу тарбиялык баалуулуктар түшүндүрүлдү. Сабак учурунда оюн элементтери, суроо-жооп жана талкуу ыкмалары колдонулуп, окуучулар активдүү катышышты. Жыйынтыгында, Сатыбалдиева Бегимайдын класстык сааты жогорку деңгээлде өтүп, мугалимдер тарабынан оң баага ээ болду.