Майлуу-Сууйский колледж ЖАГУ имени Бекмамат Осмонова
Б. Осмонов атындагы илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенткасы Нурматова Жазмина кикбокстун ло-кик жана кик-лайт түрлөрү боюнча “Сулайман-Тоо Кубогу” эл аралык мелдешинде кыздар арасында 2007-2009 жаш куракта, 43 кг салмак чен бирдигиндежигердүү даярдык көрүп, байгелүү 2-орунга жетишип диплом менен сыйланды. Бул өжөр эмгектин, эрктин жана жеңишке болгон чыныгы умтулуунун натыйжасы. Биз анын жетишкендиги менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз жана алдыда мындан да чоң жеңиштерди каалайбыз! Биздин студент-биздин сыймыгыбыз!