« ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ Бүгүн, 6-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Майлуу-Суу шаарындагы Эрдик скверинде эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Жаңыбаева Жазгүл Абытовна катышып, тарыхый окуялардын мааниси жана ата-бабалардын эрдиги тууралуу мазмундуу баяндама жасады. Иш-чаранын жүрүшүндө эстеликтин жанына гүлчамбарлар коюлуп, ата-бабалардын жаркын элесине таазим кылынды. Ошондой эле колледждин 20 студенти иш-чарага активдүү катышты. Тарыхты унутпоо — өткөндү урматтоо, келечекке жоопкерчилик менен кароо. Ата-бабаларыбыздын эрдиги жана өрнөктүү жолу кийинки муундар үчүн түбөлүк үлгү болуп кала берет. Ата-бабаларыбыздын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө!

WhatsApp Image 2026-11-06 at 14.40.50

Добавить комментарий