ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжине 2019-2020-окуу жылына кабыл алуунун
ТАРТИБИ
Бул Тартип Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө», 2012-жылдын 04-июлундагы №470 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 28-мартындагы №160 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө” токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги №443/1 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы №160 токтомун аткаруу тууралуу” буйругунун негизинде иштелип чыкты.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул кабыл алуу тартиби кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжине (мындан кийин МСК) кабыл алууну жөнгө салат.
1.2. МСКга негизги жалпы же орто жалпы билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар кабыл алынат.
1.3. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде МСКда акысыз орто кесиптик билим алууга укуктуу.
1.4. МСКда кабыл алуу конкурстун негизинде ишке ашырылат. Конкурстун шарттары жарандардын билим берүү жаатындагы укуктарын сактоону гарантиялап, жөндөмдүү жана даярдыктуу адамдардын кесиптик орто билим алуусун камсыздоого тийиш.
1.5. Республикалык бюджеттин эсебинен адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу үчүн орундардын саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген кабыл алуунун контролдук цифраларына ылайык аныкталат.
1.6. I, II группадагы майып жарандардын, жеңилдиктери жана гарантиялары боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңдештирилген адамдардын, бала кезинен майыптардын, майып балдардын, айылдык жаштардын жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген кыргыз улутундагы адамдардын, ошондой эле жетим балдардын жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдардын ичиндеги жарандарга жыл сайын бюджеттик каражаттын эсебинен адистиктер боюнча кабыл алуу планынын (контролдук цифранын) чегинде квоталар берилет.
1.7. Адистиктери боюнча келишимдик (акы төлөө) негизинде кабыл алуу планын МСК окуучулардын контингентинин чегинде аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашат.
1.8. МСК лицензиялоодон өткөн кесиптик орто билим берүү программаларына гана жарандарды окууга кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
1.9. МСКда башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдары же жеке жарандар менен келишимдердин негизинде, кабыл алуу планынын (контролдук цифранын) чегинде ишке ашырылат.
2. Кабыл алууну уюштуруу
2.1. Бул Тартипке ылайык кабыл алууну уюштуруу үчүн МСКнын кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы окуу жайдын директору болот.
2.2. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензияда белгиленген чектүү контингенттин, ошондой эле МСКга кабыл алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жооптуу болот, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибин, кабыл алуучу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.
2.3. Кабыл алуучу сыноолорду уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы сынактык жана апелляциялык комиссиялардын курамдарын бекитет. Сынактык жана апелляциялык комиссиялардын ыйгарым укуктары жана иш тартиптери МСКнын директору бекитүүчү алар жөнүндө жоболор менен аныкталат.
2.4. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну МСКнын директору тарабынан дайындалуучу жооптуу катчы уюштурат. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын кандидатурасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылат. Бир эле адам удаасы менен эки жылдан ашык жооптуу катчы боло албайт.
2.5. Кабыл алуучу комиссиянын курамы, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби МСКнын директору бекитүүчү ал жөнүндө жобо менен аныкталат. Кабыл алуучу комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл.
2.6. МСКга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы жарандардын билим берүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктарын сактоону, кабыл алуучу жана апелляциялык комиссиялардын ишинин ачык-айкындыгын, тапшыруучулардын жөндөмүн жана шыктарын баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуунун бардык этаптарында кабыл алуучу комиссиянын жетекчилигине жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
2.7. МСКга өтүүгө арыз бергенде окууга кирүүчү төмөнкү документтерди тапшырат:
— паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;
— негизги мектепти бүтүргөнү жөнүндө күбөлүгүнүн же орто мектепти аяктаганы тууралуу аттестаттын түп нускасын же дубликатын;
— белгиленген формадагы медициналык маалым катын;
— аскердик белетин же катталуу күбөлүгүн;
— керектүү сандагы сүрөтүн (3×4 — 6 шт.);
— эгерде тапшыруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерге талапкер болсо, МСКда тийиштүү адистиктер боюнча окууга кандайдыр чектөөлөр бар болсо тапшыруучу башка документтерди да тапшырышы мүмкүн.
2.8. Окутуунун ар түрдүү формаларына жана келишимдин (акы төлөө) негизинде окууга түшкөн арыздар өз-өзүнчө бөлөк катталып, бөлөк эсепке алынат.
2.9. Абитуриенттер жана ата-энелер МСКга тапшыруу алдында, МСКнын Уставы менен, окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу (лицензия) менен, мамлекеттик аттестациядан (аккредитациядан) өткөн сертификаты менен, кабыл алуунун тартиби менен, бюджеттин эсебинен бекилген орундар менен, кирүү сыноолорунун программасы менен, келишимдин (акы төлөө) негизинде окуунун шарттары менен жана башка маалыматтар менен тааныша алышат.
2.10. Документтерди кабыл алуу:
— окутуунун күндүзгү формасына 2019-жылдын 20-июнунан баштап 10-августуна чейин;
— сырттан окуу формасына 2019-жылдын 15-июлунан баштап 25-августуна чейин.
2.11. Чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим тууралуу мамлекеттик документтерине эквивалентүү билими тууралуу документтерин көрсөтүшү керек.
Билиминин тийиштүү деңгээли жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги берген маалымкат болмоюнча чет өлкөлүк жарандар окууга кабыл алынбайт.
3. Кирүү сыноолору
3.1. Окутуунун формасына карабастан МСКга кирүү үчүн башкы критерийлер болуп тапшыруучунун билиминин деңгээли жана жөндөмү эсептелет, аны текшерүү үчүн кирүү сынактары өткөрүлөт.
3.2. Кирүү сынагын өткөрүү мөөнөтү:
— окутуунун күндүзгү окуу формасына – 2019-жылдын 20-июлунан баштап 10-августуна чейин;
— сырттан окуу формасына – 2019-жылдын 1-августунан баштап 25-августуна чейин.
Кирүү сынактары бланк менен тестирлөө формасында өткөрүлөт.
МСКга тапшыргандар кирүү сыноолорун мамлекеттик же расмий тилде берүүнү тандап алууга укуктуу.
Кабыл алуунун тартиби, ошондой эле кабыл алуу комиссияларынын арыздарды кабыл алууну уюштуруу боюнча чечимдери, кирүү сыноолорун өткөрүүнүн расписаниеси, кабыл алуунун жыйынтыктары абитуриенттерге өз учурунда билдирилиши керек.
3.3. МСКда сыноолордун саны экөө, сыноолордун бирөө — мамлекеттик жана расмий тил боюнча, ал эми экинчиси – математика боюнча.
3.4. Кирүү сыноолору негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүү программаларына ылайык өткөрүлөт.
3.5. Кирүү сыноолоруна себепсиз келбей калгандар, канааттандырарлык эмес баа алгандар МСКга кирүү конкурсунан чыгарылат.
3.6. Бирдиктүү талаптардын аткарылышын, тесттик тапшырмалар (суроолор) боюнча сыноолордогу талаш маселелерди чечүү жана МСКга тапшыргандардын укуктарын коргоону камсыздоо максатында МСКда апелляциялык комиссия түзүлөт.
3.7. Абитуриенттердин апелляция жөнүндө арыздары кирүү сыноолорунун жыйынтыгы жарыялагандан кийин бир сутканын ичинде берилет да, алар апелляциялык комиссия тарабынан арыз ээсинин катышуусунда бир күндүн ичинде каралат.
3.8. Апелляцияны кароо кайра экзамен тапшыруу эмес. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сынагын тапшыруунун натыйжасы туура же туура эмес бааланганы гана текшерилет.
3.9. Кирүү сынагын кайра тапшырууга жол берилбейт.
4. Кабыл алуу
4.1. Кабыл алуу кирүү сыноолору бүткөндөн кийин:
— окутуунун күндүзгү формасына – 2019-жылдын 25-августунан кеч эмес;
— сырттан окуу формасына – 2019-жылдын 30-августунан кеч эмес ишке ашырылат.
4.2. Жакшы баа алса бюджеттик орундарга жана окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча конкурстан сырткары кабыл алынчуулар:
— запаска бошотулган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жеңилдиктерди алууга укуктуу аскер кызматчылар;
— тоголок жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
— ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча даярдыктын жана адистиктин тандаган багыты боюнча МСКда окуса болуучу адамдар;
— тандаган МСКдагы багыттар жана адистиктер боюнча эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (2019-жылы 1-3-орундарды алгандар), эгерде олимпиадалык сабак математика болсо.
4.3. МСК абитуриенттерди кабыл алууда кошумча жеңилдиктерди түзүп берүүгө жана мектепти артыкчылык аттестаты менен же күбөлүгү менен аяктаса, спорттун эл аралык, республикалык, шаардык жана областтык олимпиадаларда жана башка спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөрдү, маданий чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүлөрүн сынаксыз кабыл алууга укуктуу.
4.4. МСКда кабыл алуу билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы боюнча ишке ашырылат.
4.5. Конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу тууралуу буйрук кирүү сынактарында топтогон баллын көрсөтүү менен кабыл алуучу комиссиянын маалымат тактасына жарыяланат.
4.6. МСК кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жыйынтык маалыматтарды:
— бюджеттик каражаттын эсебинен окууга алуу – 2019-жылдын 1-сентябрына чейин;
— акы төлөп окуу үчүн – 2019-жылдын 15-сентябрына чейин берет.
4.7. МСК 2019-жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине статистикалык отчет берүүгө, ал эми кабыл алуу бүткөндөн кийин – студенттерди кабыл алууну уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү.
ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжине кабыл алуунун Тартиби МСКнын Педагогикалык кеңешинин отурумунда каралып жактырылды, ПКнын 2019-жылдын 28-мартындагы №19/02 протоколу.
Даярдаган:
ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин
2019-2020-окуу жылынын
кабыл алуу комиссиясынын
жооптуу катчысы: С.С.Осунбеков