Б. Осмонов атындагы илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Романова Асема БАС-2-23 тайпасынын студенти, 18 жаштан жогору кыздар арасында 90+кг чейинки салмак армрестлинг боюнча Азия Чемпионатында татыктуу өнөрүн көрсөттү. Оң кол менен күрөшүүдө Асема 3-орунду багындырды. Асеманы эң сонун жыйынтыгы менен куттуктайбыз жана мындан аркы жеңиштерди, жаңы жетишкендиктерди, ошондой эле дагы чоң спорттук чокуларды багындырышын каалайбыз!