7-апрель Элдик революция күнүнө карата Майлуу — Суу шаарынын «Эрдик» скверинде өткөрүлгөн эскерүү митингине МСКнын жамааты катышып, революцияда курман болгон баатыр М.О.Бостонбаевдин эстелигине гүлсебет, гүлдестелер коюлду. 2022-жыл — «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына», Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө жана 7-апрель Элдик революциянын 12 жылдыгына карата өткөрүлгөн кросско МСКнын студенттери активдүү катышып, БКМ 1-21 тайпасынын студенти Эркинбекова Айзада I орунду ээлеп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.