Окуу жайлар менен түзүлгөн өз ара кызматташтык келишимине ылайык, академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде, Майлуу-Суу колледжинин “Жалпы билим берүүчү жана педагогикалык дисциплиналар” предметтик-циклдик комиссиясынын улук окутуучусу Тойчубекова Гулсада Жолчубековна, Борбордук Азия колледжинин 11 БД БУ НИН тайпасына «Listening and speaking» темасында сабак өтүп берди.
Сабак учурунда студенттер үчүн актуалдуу тема, суроолор талкууланып, тажрыйба алмашуу, пикир бөлүшүү жана суроо-жооп форматында кызыктуу талкуулар уюштурулду. Мындай иш-чаралар окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты чыңдап, студенттердин билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.










