23-февраль — Ата -Мекенди коргоочулар күнүнө карата

23-февраль — Ата -Мекенди коргоочулар күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу -Суу колледжинде тайпалар аралык спорттук мелдеш өткөрүлдү. Командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.  

3-март

3-март — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы жана 5-март — кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнүнө карата Майлуу-Суу колледжинде конференция өткөрүлдү. МСКнын кыргыз тили, адабияты окутуучусу Э.М.Усувалиеванын жетектөөсү менен БАС 1-19 тайпасынын студенти Арстаналиев Толук окуу …

2022-жылдын 27-февралында Майлуу-Суу шаарында областтык кол күрөш мелдеши боюнча турнир өткөрүлдү.

2022-жылдын 27-февралында Майлуу-Суу шаарында областтык кол күрөш мелдеши боюнча турнир өткөрүлдү. Майлуу-Суу колледжинин студенттери активдүү катышышты. РНГ 1-20 тайпасынын студенти Кубанычбек уулу Нуртилек 65 кг. салмактагы атаандаштарын жеңип, I орунга ээ болуп, диплом жана сыйлуу белектерди алды.

2022- жылдын 17-февралында Майлуу-Суу колледжинде «Повышение потенциала молодежи и профилактика против конфликта» деген темада семинар ( проект) өткөрүлдү.

2022- жылдын 17-февралында Майлуу-Суу колледжинде «Повышение потенциала молодежи и профилактика против конфликта» деген темада семинар ( проект) өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарынан келген проекттин координатору — Урмарбаев Азизжан жана тренерлер — Абдыкадыров Асылбек, Умаров Тохир тема боюнча толук, так, жеткиликтүү маалыматтарды беришти. Толук окуу …

15 Февраль Ооган согушунда курман болгон эр азаматтарды эскерүү күнү өттү.

2022 — жылдын 15 — февралында Майлуу-Суу шаарынын «Ооган» скверинде  Афган согушунун аяктаганынын 33 — жылдыгы белгиленди. Афганчылардын эрдигин даңазалоо жана жаш муундун мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуу, тарбия — таалим берүү максатында МСКнын администрациясы жана студенттери эскерүү митингине катышышты. Толук окуу …

23-февраль — Ата мекенди коргоо күнүнө карата Майлуу-Суу колледжинде тайпалар арасында аскердик мелдеш өткөрүлдү.

Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн майрам катары эс алуу күнү катары жарыяланган. Толук маалмат

15 Февраль Ооган согушунда курман болгон эр азаматтарды эскерүү күнү өттү

Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан. 15-февралда Кеңеш доорундагы жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 20 жыл толду. Буга байланыштуу пост-советтик Кыргызстанда да ооганчы-жоокерлерди Толук окуу …