3-март — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы жана 5-март — кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнүнө карата Майлуу-Суу колледжинде конференция өткөрүлдү.
МСКнын кыргыз тили, адабияты окутуучусу Э.М.Усувалиеванын жетектөөсү менен БАС 1-19 тайпасынын студенти Арстаналиев Дөөлөталы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун тарыхы» жана БКМ 1-21 тайпасынын студенти Азейитова Таңсулуу «Символикалардын мааниси» деген темаларда, ошондой эле МСКнын методисти Г.Ж.Тойчубекова «Ак калпак» доклады жана өзү жетектеген БКМ 1-21 тайпасынын студенти Закиржанова Дамира «Ак калпактын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата кийилүүсү» , БАС 1-20 тайпасынын студенти Калмырзаева Мээрим «Ак калпактын жаралуусу» деген темаларда баяндамаларды окушуп, слайддар көрсөтүлдү. Конференцияны уюштуруп, өткөргөн — МСКнын МТ жана СИ боюнча директордун орун басары Г.М.Усувалиева болду.