2022-жылдын 27-февралында Майлуу-Суу шаарында областтык кол күрөш мелдеши боюнча турнир өткөрүлдү. Майлуу-Суу колледжинин студенттери активдүү катышышты. РНГ 1-20 тайпасынын студенти Кубанычбек уулу Нуртилек 65 кг. салмактагы атаандаштарын жеңип, I орунга ээ болуп, диплом жана сыйлуу белектерди алды.