КАТАРДА ЖҮРСӨ КАРЫЯ, НУСКАЛУУ СӨЗҮ ТАРБИЯ.

15-сентябрдан 15-октябрга чейин жыл сайын өткөрүлүүчү «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү» аттуу акциянын алкагында Майлуу-Суу колледжинин жамааты адаттагыдай Көк-Таш көчөсүнүн 20-үйүндө жашоочу Бекмурзаева Анар; Завод көчөсү, 13-үй, 16-батирде жашоочу Школьникова Тамара; Тулебердиев көчөсү, 5- үйүндө жашоочу Зуева Зайнап; Бедресай көчөсү, 46-үйүндө жашоочу Кожомкулов Аман; Горький көчөсү, 9-үйүндө жашоочу Кокулова Самара; Гуденный көчөсү, 9-үй, 11-батирде жашоочу Кочибекова Мактым; Верхний көчөсү, 7-үй, 1-батирде жашоочу Насырова Адиля; Токтогул көчөсү, 4 — үйүндө жашоочу Сатыбалдиева Саадатка материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп, майрамдары менен куттуктап, баарлашып, бекем ден-соолук, бакубат жашоо, узун өмүр, бактылуу карылык каалап келишти. Ардактуу, кымбаттуу, мээримдүү карыларыбыз Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжинин жамааты жыл сайын кабар алып тураарын баса белгилешти жана өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти. Ылайым, берилген баталар кабыл болуп, окуу жайыбыз мындан ары дагы өнүгүп-өсө берсин!
Бөлүшүү:

Добавить комментарий