Студенттердин маданий деңгээлин, адам жана аны курчап турган чөйрө жөнүндө билимдерин, руханий өнүгүүсүн жогорулатуу максатында илимий-изилдөө жана билим берүү маданий мекемелеринин бири болгон Майлуу-Суу музейине экскурсия жүргүзүлдү. Музейде негизинен, Майлуу-Суу шаарынын тарыхый-маданий мурастары чогултулуп, изилдөө жана сактоо менен калкка жайылтуу иштери менен таанышты.