Майлуу-Сууйский колледж ЖАГУ имени Бекмамат Осмонова
Майлуу-Суу колледжинде жайкы сессиянын алдында коррупциянын алдын алуу – бааларды жеке мамилесиз, калыс коюуну камсыз кылуу, зачет-экзамендерди модулдук- рейтинг системасынын негизинде тапшыруу боюнча окуу жайдын окуу иштери боюнча директордун орун басары Усувалиева Г.М. студенттер менен жыйналыш өткөрдү. Жыйналышта студенттер менен коррупциянын жана студенттер арасында паракорчулуктун кесепеттери, анын өзүнө жана жакындарына тийгизген терс таасирлери боюнча видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле, студенттерге арыз кутучасы жана арыздар китепчеси боюнча айтылып кетти. Ар бир студентке ишеним телефондору жазылган баракчалар таратылды.