5- октябрь Мугалимдер күнү майрамы. Эрте менентен майрамдык маанай тартуулоо

 

МУГАЛИМ КИМ? -Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы? Кантип алар өзгөртүшөт заманды? -Ал улуу жан, адамдардын адамы, Жакшылыкка арышталат кадамы — Ата Журтка күнү-түнү кам жейби, Айтчы аның тамак ичип, нан жейби? — Олтурганда кошо сүйлөп сабакты, Окуучуну ойлоп ичет тамакты — Кеч киргиче мектебинен чыкпайбы? Айтчы аның үйгө барса уктайбы? — Сабак калса капчыгына күч келет, Уктаса да окуучуну түш көрөт. — Мугалим ким, каткырабы, күлөбү? Элге окшоп аш-тойлородо жүрөбү? — Күлгөнүнөн ой басканы көбүрөөк, Аш-тойлодо анда санда көрүнөт. -Чарчабайбы ызы-чуудан, баладан? Үйгө барып иш кылабы ал адам? — Мектепти да, үйдү дагы ардактайт, Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт. — Эл өңдөнүп эс алганды болжойбу? Компютердик оюндарды ойнойбу? — Андай кылса сабак калат, иш калат, Ал ордуна план жазат тытмалап. -Аның эмне, башкалардан кем беле? Пара алып байып кетпейт эмнеге? — Коррупцияны. жемкорлукту жек көрөт, Таза иштеп, таза жашоо өткөрөт. — Капчыгында айтчы канча теңге бар? Чөнтөгү көп сумкесинде эмне бар? — Анда болбойт акча сүймөй адаттар, Сумкесинде бор, калемсап, барак бар. — Эмгек менен өтөт экен ай-жылы, Айтчы канча ал адамдын айлыгы? Мен жооп берсем жалган айткан болом го, Өкмөт акем жооп берсин бул соболго.Мугалим эр аз айлыкка тер төккөн, Чарчабаган, чаалыкпаган эмгектен. Билинбеген адамзатка жол башчы, Билим менен бүт дүйнөнү терметкен.

Бөлүшүү:

Добавить комментарий