Майлуу-Сууйский колледж ЖАГУ имени Бекмамат Осмонова
«Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин БКМ-1-23 тайпасы учурда мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын жүрүшүндө практика жетекчиси Энезарова С.Т. студенттердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, алардын практика өтүп жаткан мектептердеги жетекчилери менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Практиканын алкагында студент Токторалиева Айша №8 мектептин 4-Б классында класстык саат өткөрдү. Сабак «23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү» темасына арналды. Класстык саат жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундуу жана кызыктуу өттү. Айша сабак учурунда интерактивдүү ыкмаларды, көргөзмө материалдарды жана оюн элементтерин натыйжалуу колдонуп, окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга жетишти. Окуучулар активдүү катышып, суроолорго жооп берип, өз ойлорун эркин билдиришти. Жыйынтыгында, Токторалиева Айшанын ачык сабагы жогорку деңгээлде өтүп, мектеп жетекчилиги жана мугалимдер тарабынан «эң мыкты» деп бааланды. Мындан тышкары, ал өзүнүн мыкты көрсөткүчтөрү жана активдүүлүгү үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланды.