«Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжинин БКМ-1-23 тайпасы учурда мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын алкагында студент Абдуганиева Аида №5 мектептин 2-Д классында тарбиялык саат өткөрдү. Сабактын темасы «Китеп – биздин досубуз» болду. Тарбиялык саат жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучуларга китептин мааниси, билим алууда анын орду жана китепти сүйүү, аны аярлап колдонуу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Сабак учурунда кызыктуу суроо-жооптор, чакан оюндар жана талкуулар уюштурулуп, окуучулар активдүү катышышты. Жыйынтыгында, Абдуганиева Аиданын тарбиялык сааты мазмундуу жана тарбиялык мааниси жогору деңгээлде өтүп, мугалимдер тарабынан оң баага ээ болду.

Бөлүшүү:

Добавить комментарий