Майлуу-Сууйский колледж ЖАГУ имени Бекмамат Осмонова
«Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Майлуу-Суу колледжиинин БКМ-1-23 тайпасы учурда мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. Практиканын жүрүшүндө практика жетекчиси Энезарова С.Т. студенттердин ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, алардын практика өтөп жаткан мекемелериндеги жетекчилер менен тыгыз байланышта болуп, координация иштерин жүргүзүүдө. Практика учурунда өздөрүнүн жоопкерчиликтүүлүгү, тартиптүүлүгү жана активдүүлүгү менен айырмаланган студенттер катары Давлеталиева Бегимай, Оморалиева Малика жана Токторбаева Айша мактоого татыктуу болушту. Алар берилген тапшырмаларды так жана сапаттуу аткарып, жетекчилердин жогорку баасына ээ болушкан. Ошондой эле практика өтүп жаткан мектептердин мугалимдери да бул студенттердин үлгүлүү экендигин баса белгилешти. Студенттер сабакка өз убагында келип, убакытты туура пайдаланып, ар бир тапшырманы жоопкерчилик менен аткарып жатышат. Жалпысынан алганда, БКМ-1-23 тайпасынын студенттери мамлекеттик практиканы жогорку деңгээлде өтөп, өздөрүнүн кесиптик даярдыгын жана тартиптүүлүгүн мыкты көрсөтүп жатышат.