Майлуу-Суу шаарынын вице мэри Чынара Садыкова Мансурова, ШИИБнин башчысынын орун басары Равшан Ырысбекович Жусмаматов, Майлуу-Суу шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Адинахон Эргешовна Сагындыкова, окутуучулар жана студенттер менен биргелешкен жолугушуу болуп өттү. «Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, өз өмүрүн кыюуга жол бербөө. Үй-бүлөлүк зордук зомбулук, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу. Эрте турмуш куруунун кесепеттери жана анын алдын алуу. 1 -декабрь — бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү» деген темаларда кеңири маалыматтарды беришип, маек курушту. Студенттердин суроолоруна жооп беришип, аларды жаман жолдорго баруудан алыс болуп, Кыргызстанды жакшы жагынан атын чыгарып, эл керегине жараган инсандардан болуусуна үндөп кетишти.