АИВ СПИД илдетине каршы күрөшүү боюнча 26- октябрдан 5-декабрга чейин жарыяланган өнөктүктун негизинде Майлуу-Суу колледжинде медицина кызматкери, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуу болуп өттү. «1- декабрь — бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. АИВ СПИД деген эмне? СПИД илдетинин жугуу жолдору. СПИДден сактан» деген темаларда кеңири маалыматтарды беришип, маек курушту. Студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти. «Дени сак улут-дени сак өлкө!» деген ураан менен жашоого чакырып кетишти.